Окуу жайында мигранттарды колдоо  борбору ачылды

         2023-жылдын  17-апрелинде  Кыргызстан боюнча  Ош шаарындагы Тойчу Алтыбаев атындагы  №113 Кесиптик  лицейинде  алгачкы жолу  мигранттардын профессионалдык билимин  кыска мөөнөттө  жогорулатуу   борбору ачылды.  Дээрлик  эки жарым  жылдан бери дал ушул тармактын үстүндө изилдөө иштери жүргузүлүп,  мигранттарды  колдоо борбору  ачылды.  Электрондук окутуучу платформасында мигранттарга абдан керек болгон санарип, каржылык, сапаттуулук   жана  башка эң керектүү болгон көндүмдөрдү   үйрөтүүчү 

15 окутуучу  модулдан  турган  материалдар жайгаштырылууда.   Азыркы убакытта микрокурс  аркылуу көптөгөн  билимдер  берилүүдө. Платформада  жайгаштырылган курстарга  жарандар  каалаган убакытта,   кайсы жерде болбосун онлайн режиминде  киришип,    билим алууга  мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.   Бул платформада каалаган тренер чыгып, жарандарга консультация  бере  алат.  Буга чейин  бул долбоор  чет өлкөлөрдө ишке ашып, алсак чет өлкөдөгү 500 дөн ашуун жарандар билим алышып, сынакты ийгиликтүү тапшырганадар аягында  микросертификаттарга  (электрондук) ээ болушкан. Мигранттар үчүн бул кыска мөөнөттогү  онлайн окуу  курсу  аябай ыңгайлуу. Санариптик билим берүү долбоорун Кыргыз Республикасынын  Билим берүү жана илим министрлиги  да колдоого алган. Белгилей кетсек Е-QUALITY   “Социалдык жана каржылык инкюзия  жана гендердик тең укуктуулук үчүн санариптик билим берүү”   долбоорунун алкагында Европа  биримдигин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн жана  Европа биримдүүлүгүнүн тышкы  ишмердүүлүк  программасынын каржылоосунда  ишке ашырылып жатат.

Борбордун ачылышына  Нуркыз Суеркулова “Е-QUALITY”  долбоорунун КРдагы координатору, Светлана Симбард “Е-QUALITY”  долбоорунун экперттик тобунун  жетекчиси “Адам” университетинин ректору, КРнын Билим берүү жана илим министирлигинин Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гулнур Мамырова  жана  “E-qualliy” долбоорунун эксперти — Мария Станкова  профессор, доктор, “E-qualliy”  долбоорунун координатору — Преслав Димитров профессор, доктор  жана Болгариядан келген өкүлдөр катышышты.