2024-жылдын 19-сентябрында окуу жайында балдар кеңеши өткөрүлдү. Бул кенеште окуу-тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары А.Муктаров алып барды. Окуу жайына бөлүнгөн ЖЖИнын кызматкери Н.Алипбеков, улук лейтенант Каримов Совет, милициянын капитаны Э.Надыровдор балдар кеңешине катышышты. Алар окуучу балдарга кылмыштуулуктун алдын алуу максатын иш аракеттер боюнча айтышты. Зордук зомбулук, рекетчилик, наркотикалык заттар жана топтошуп мушташуулар боюнча окуучуларга кеңири маалыматтарды беришти.
Окуу жайында өтүлгөн кыздар кеңеши-18.09.2024
2024-жылдын 18-сентябрында окуу жайында кыздар кеңеши өткорүлдү. Бул кенеште окуу жайынын окуу-усулдук жана өндүрүштүк иштери боюнча директордун орун басары Элиза Маматысламова жана аялдар кеңешинин төрайымы Х.Карабаева, устат-мугалимдер окуучу кыздарга окуу жайындагы тартип, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча кеңири маалыматтарды беришти.
Бүтүрүү салтанаты-2024
Эс алуу-2024
2024-жылдын 9-июнунда окуу жайынын жалпы жамааты Үч-Чат жайлоосуна барып эс алып кайтышты. Алдыдагы бүтүрүү экзамендерине жаңы дем менен даярдыктар көрүлө баштады
Бош орундар жарманкеси-2024
Жашылдандыруу, көрктөндүрүү боюнча үч айлык
"Бир окуучудан - бир көчөт" акциясы
Улуу залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата иш-чаралар
Окуу жайында залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 95 жылдык мааракесине карата «Кеч күздөгү кусалык» аттуу эскерүү кечеси болду. Бул поэзия кечесине окуу жайындагы талантуу окуучулар жана мугалим-устаттар катышышты.
Окуу жайындагы ишембиликтер
Окуу жайында ар бир ишемби күндөрү ишембилик өткөрүлүп турулат.
21-февраль Бүткүл дүйнөлүк эл аралык Эне тил күнүнө карата өткорүлгөн иш-чаралар
Окуу жайында 21-февраль эл аралык Эне тил күнүнө карата төмондөгүдөй иш-чаралар өткөрүлдү:
Актылар залында «Эргүүгө айланган кыш» аттуу поэзия кечеси өттү. Бул кечеде талантууу мугалим-устаттар жана окуучулар өздөрү жазган ырларды көрком окуп беришти. Мындан сырткары атактуу жазуучу акындардын ырларынанан, чыгармаларынан үзүндүлөрдү окушуп, аткарышып бардык окуучулар активдүү катышышты.
окуучулар арасында кыргыз тили мугалими М.Маматкалилов «Канткенде кыргыз тилин сактап калабыз?» аталышында дебат өткөрдү;
№6 «Тигүүчү» тайпасынын класс жетекчиси М.Бегиева №6 тайпанын окуучулары менен биргеликте жалпы лицйдеги окуучуларга «Эне тили болбосо аты аталбайт улуттун» аттуу ачык тарбиялык саат өттү.
Окуу жайынын спорт залында окуу жайындагы жаштар иштери боюнча комитетинин төрайымы «Эне тилин барктайлы» аталышындагы тайпалар арасында конкурс өткөрдү.
Лицей периси жана мырзасы-2023
23-февраль Ата – Мекенди коргоо күнүнө жана 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата окуу жайында “Лицей периси жана мырзасы-2023” конкурсу өткөрүлдү. Бул конкурска 8 кыз жана 8 мрза жигит катышты. Конкурста №9”Ашпозчу-кондитер” тайпасынын окуучусу Жоошбаева Кызсайкал 72 упай менен “Лицей периси-2023” наамына ээ болуп, 1-орунду ээледи, ал эми №2”Ашпозчу-кондитер” тайпасынын окуучусу Жолбосбек уулу Ынтымак 75 упай менен “Лицей мырзасы-2023” наамына ээ болуп 1-орунду багындырышып, окуу жайынын дипломдору жана белектери менен сыйланышты. Ал эми калган бардык катышуучуларга окуу жайынын ыраазычылык баракчалары тапшырылды. Бул конкурста Ош шаарындагы жогорку жана орто окуу жайлардын жаштар комитеттеринин куратору Топчубаев Максатали, жетектөөчү адис Салайдинов Кылычбек жана Турганбаев Ырыскелди калыстар тобу болушуп, окуучуларды баалап беришти . Алдыңкы орунду алышкан 6 окуучуга акчалай сыйлыктарды беришти.